Сотто Салянова Елисеевдин сайтын ачып көрбөгөндүгүн, ал иштебестигин айтты

Бүгүн, 20-сентябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын соттук иши каралууда. Отурумдун жүрүшүндө Салянова сурак берип жатып ал Елисеевдин сайтын өзү эч качан ачып көрбөгөндүгүн, сайт иштебестигин айтты.

Отурумда анын коомдук жактоочусу ага Елисеевдин сайтын ачып көргөнүн же көрбөгөндүгүн сурады.

“Мен өзүм эч качан анын сайтын ачып көргөн эмесмин. Бирок менин жардамчыларым ачууга аракет кылышкан, бирок ал иштеген эмес. Мага карата козголгон кылмыш ишинде көрсөтүлгөндөй сайт ачуу үчүн биздин өлкөдөн ага берилген лицензиянын кереги жок. Сайтты ким кааласа каалаган өлкөдөн ачууга мүмкүнчүлүгү бар. Аталган лицензия ага башка ишмердүүлүк үчүн керек болгон”, - деди Салянова.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан