Бүгүн, 20-сентябрда парламентте Кыргыз-Өзбек чек арасы жөнүндө келишимди ратификациялоо маселесин кароону артка жылдырды. Бул тууралуу журналисттерге "Атам Мекен" фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев билдирди. Анын айтымында, мындай ратификациялык долбоорду кароого 80ден ашык депутат катышышы керек. "Юридикалык түрдө кворум болду. Бирок 80ден ашык депутат болушу шарт. Бүгүн чек аралар боюнча картаны гана көрсөттү. Эртең бул маселе каралат", - деди.
Эске салсак, жыйындан журналисттерди чыгарганда 20га жакын депутат бар болчу.