Бүгүн, 20-сентябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын соттук иши каралууда. Отурумдун жүрүшүндө айыптоочу тарап соттон Салянованы 8 жылга эркинен ажыратууну сураган соң анын тарапташтары сот залында чуу көтөрүп айыптоочуларга нааразычылыктарын билдиришти. Сот залында отургандар соттук процесстин жүрүшүн 1937-1938-жылдар, Сталиндин учурундагы репрессия менен салыштырышып, 8 жыл көп экендигин, Аида Салянованын күнөөсү жок экендигин айтып кыйкырышты. Ызы-чуу учурунда прокурорлор соттон аларды залдан чыгарып салууну өтүндү. Айыпталуучунун тарапташтары тынч отурарын айтышып, зал тынчтанды. Сот Салянованын тарапташтарына эскертүү берип кийинки жолу чыгарып саларын айтты.
Кийинки кезектеги маселе жарыш сөзгө каралган убакыттын ченеми боюнча болот.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда.