Дарыгер: "Сүт фермадан чыккан өрттөн денеси күйгөн тургундун абалы оор"

Чүй облусундагы сүт фермасында чыккан өрттөн денеси күйүп калган бейтаптын абалы оор. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда SUPER.KG порталына Бишкек шаарындагы травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков билдирди.

"Сүт фермадан чыккан өрттөн денеси күйүп калган тургундун абалы оор боюнча калууда. Ал азыр эс учун билбеген абалда жатат. Дарыгерлер анын өмүрүн сактап калууга аракет кылып, дарылоо иштерин жүргүзүп жатышат", - деп билдирди Кубатбеков.

Эске салсак, буга чейин 25 жаштагы жигиттин денесинин 90 пайызы күйүк алганы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан