Жаш баланы ооруканага алып бара жаткан "Тез жардам" унаасы кырсыкка кабылды

Бүгүн, 20-сентябрда эртең менен Бишкекте "Тез жардам" унаасы жол кырсыгына кабылды. "Тез жардам" кызматынан SUPER.KG'ге билдиришкендей, Арча-Бешик конушунда бир жаш баланын ооруп дарыгерлердин жардамы керектиги боюнча чалуу түшкөн.

"Тез жардам" кызматы чалуу болгон жерге барып, таңкы саат 5те баланы ооруканага алып келе жатканда кырсыкка кабылган.

"Айдоочунун билдиришинче, Түштүк магистралда бара жатышканда алдынан күтүүсүздөн ит чыга калып, айдоочу унааны буруп жибергенде унаа оодарылып кеткен. Ичинде эки медайым, айдоочу, стажёр жана ооруп жаткан бала болгон. Баары жаракат алып ооруканага жеткирилишти", - деп билдиришти "Тез жардам" кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Abdyrashit.Satylganov
2017-09-20 12:03:12
Силердин эрежеңер боюнча, ит эмес адам чыкса дагын сүзүп кетишиңер керек эле го!!! Бул жакта адамдын өмүрү кооптуу болуп турганда итти аяп койгонуңар кызык го... Баары эртерээк сакайып кетишсин ылайым.
-5
aerforce
2017-09-20 12:33:54
кырсык деп коет ит себеп болуп калды итти сузгондо деле авария болушу мумкунда эми кудай сактасын жабыркагандар бат сакайышып кетишсин кудайым шыпаасын берсин
+9
Altysha89
2017-09-20 12:41:45
Жаратканым жараттарын женилинен берип эртерек айыгып кетишсин.
+3
Azamatxxxttt
2017-09-20 12:42:31
Аллахым шыпаа берип, жакшы болуп кетишсин. Бул кырсык, бир адамды сактайм деп, бир адамды сузуп кетиш эмес булардын эрежеси ...! Кайдагы нерсени эле жаза бербеш керек
+7
Take_men
2017-09-20 12:49:09
Итти тебелеп кетсе деле эч нерсе болмок эмес. Чоочуп кетти да. Тез айыгып кетишсин
-1
Ali_Bolotbek
2017-09-20 13:29:23
Айдоочусу соо эле бекен? Бир таанышым тез жардам кызматында айдоочу болуп иштейт эле. Ичип алып эле айдап журо беребиз, эч ким тийишпейт бизге дегенин уккам да
+2
Totyua.71.
2017-09-20 14:13:40
Жаман болуптур айыгып кетишсин!
+1
bek_07
2017-09-20 17:00:18
Ит эмес эле эрте менен 5 те болсо уктап кеткен го. Не болсода айыгып кеткишсин баары!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан