Адамдын кашы бет түзүлүшүндөгү сулуулук үчүн маанилүү негиз болуп келет. Демек, каштын формасынан макияж, көздүн жана жүздүн көркү көз каранды. Элестетиңиз кашы жок же кырып салган адамды.
Каштын формасына болгон моданы, тенденцияларды голливуд жылдыздары, белгилүү ырчылар берип турган. А биз кайсы жылдары кандай каштар мода болгонуна саресеп салып көрөлү:
1920-жылдары чийилген каштар
XX кылымдын башында өзүнүн кашын кырып салып, чийип алуу мода болгон. Каштарды жиптей ичке кылып терүүгө мүмкүн болбогондуктан көпчүлүк каштарын кырып туруп ордуна ичке жиптей болгон каштарды чийип алышкан.
1930-жылдары "театралдуулук"
Бул жылдары он жыл мурункудай эле ичке каштар популярдуу болгон. Бирок бул учурда каштардын формасы өзгөргөн. Алар ийилген формада чийилип, айым дайыма бир нерсеге таң калып тургандай сезим калтырчу. Мындай каштардын тенденциясын ошол кездеги сулуулук эталону болгон Грета Гарбо баштаган.
1940-жылдары учтуу каштар
1940-жылдары каштар бир аз калыңдаган. Бирок мурдагыдай эле ар бир айым кашын терип жүргөн. Жаңы өзгөчөлүк болуп каштардын учтарын карандаш менен улап чийүү эсептелген.
1950-жылдар New Look стили
Бул жылдары мода индустриясын Кристиан Диор жана New Look стили башкарып турган. Көпчүлүк белгилүү Мэрилин Монронун кичине өйдө көтөрүлүп жана ийилип турган каштарына суктанып ага окшош болууну каалашкан.
1960-жылдары жарым ай сымал каштар
Бул жылдары каштардын классикалык стили болуп белгилүү Софи Лорендин каштары эсептелген. Каштарга жарым ай сымал форма берилген. Софи Лорен кашка өзгөчө көңүл буруп дайыма каш боёочу карандашты колдонгон.
1970-жылдары табигый каштар
Хиппи эпохасында табигый сулуулуктун артынан түшө баштаган сулуулар каштарын такыр эле тербей калган. Каштын формасына көңүл көп бурулган эмес. Табигый каштар мыкты көрүнүш үчүн атайын гелдин жана каш боёочу карандаштын жардамынан пайдаланышкан.
1980-жылдары калың каштар
Жөн гана табигый эмес, калың каштардын убагы келген. Каш канча калың болсо ошончо айым сулуу деп кабылданган. Мындай жаңы тенденцияны белгилүү ырчы Мадонна баштаган.
1990-жылдары кайрадан ичке каштар
Дал ушул жылдарга сулуулук индустриясындагы көптөгөн эксперименттер туура келген. Ичке жана үч бурчтуу болуп терилген каштар көпчүлүккө жарашкан эместигин азыркы талдоочулар белгилеп келишет. Ага карабастан учурунда бул модадан эч ким баш тарткан эмес.
2000-жылдардан тарта азыркы күнгө чейин
XXI кылымдын башында кайрадан табигый каштар мода боло баштаган. Бирок бул мезгилде адамдын бет түзүлүшүнө карата, каштарга бир аз форма берилип турган.
Азыркы тапта белгилүү бир каш формасын мода деп айтуу жаңылыштык, анткени ар бир айым өзүнө жарашыктуу жана сулуулугун ачып бере турган каш формасын тандап алууда. Ага карабастан пайда болуп жаткан жаңы тенденциялар:
Калың каштар
2017-жылы калың эч бир жери терилбеген каштар мода болору белгилүү болду. Болгону каштарыңыз көлөмдүү жана кам көрүлгөн болуусу абзел.
Өрүлгөн сымал каштар
Интернеттеги социалдык баракчаларда жаңы тренд болуп жаткан өрүлгөн сымал каштар. Мында каштар өрүлбөйт жөн гана каш боёгон карандаш жана атайын гелдин жардамы талап кылынат.
Толкун формасындагы каштар
Каштын бул формасын белгилүү бьюти-блогер Промис Фанга таандык. Бул жаңылыкты көптөгөн айымдар жактырып, каштарын толкун сымал кылып терип алганга жетишкен.
McDonald`s каштар
Каштарга байланыштуу акыркы учурда пайда болгон көптөгөн тренддерди шылдыңдоо максатында, Худа Каттан өзүнүн каштарын көпчүлүк сүйүп жеген тез татым McDonald`s`тын фирмалык белгисине окшошкон каштарды тартып интернеттеги социалдык баракчаларына жүктөгөн. Көп өтпөй бул жаңылыкты интернет колдонуучулар флешмобго айлантып жиберишкен.