Бүгүн, 20-сентябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда мурдагы Башкы прокурор Аида Салянованын соттук иши каралууда. Отурумда жактоочусу менен коомдук жактоочусу жарыш сөзгө даярданууга жетишпей калгандыктан отурум саат 15:00гө жылдырылды.
Мындан сырткары отурумга катышуу үчүн Убактылуу Өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева менен Жогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов жана Наталья Никитенко келди. Ошондой эле ондогон Салянованын тарапташтары да келишти. Буга байланыштуу Ленин райондук сотунун кире беришине жана ичине милиция кызматкерлери күзөткө коюлду.
Айта кетсек, бүгүнкү түшкө чейинки отурумда айыпталуучунун жактоочулары жарыш сөзгө даярдануу үчүн бир жума мөөнөт сурашкан. Буга каршы чыгышкан айыптоочулар алардын бардык иштин жүрүшүнөн кабары бар экенин айтып, отурумду бүгүн түштөн кийин улантууну өтүнүшкөн. Жыйынтыгында сот жактоочулардын талабын четке кагып, мамлекеттик айыптоочулардын өтүнүчүн канааттандырган болчу.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда.