Садыр Жапаровду атасынын жаназасына жиберүү маселеси 2 күндүн ичинде чечилет

Камакта отурган Садыр Жапаров атасын жерге берүүгө катышары күтүлүүдө. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Садыр Жапаровго Ысык-Көлгө барып келүүгө уруксат берүү маселесин 22-сентябрь, саат 11:00гө чейин чечип берүүгө аракет кыларын билдиргени белгилүү болду.

Бул тууралуу 20-сентябрда SUPER.KG порталына Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов билдирди.

"Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына кирип, жетекчиси Таалайбек Жапаровдун атына арыз жазып чыктым. Маркум 22-сентябрда жерге берилет. ЖАМКдан Садыр Жапаровду 22-сентябрь, саат 11:00гө чейин атасынын жаназасына жеткирүүгө бардык аракетти көрөбүз деп билдиришти. Уруксат берилсе Жапаров кичи мекенине барып, атасына топурак салууга катышат", - деди адвокат.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаровдун атасы Нургожо Жапаров бүгүн, 20-сентябрда 84 жашында дүйнө салды. Маркум 22-сентябрда саат 11:00дө туулуп өскөн жери - Түп районунун Кеӊ-Суу айылында жерге берилет.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
bakulya2015
2017-09-20 16:15:11
Аллах атакесинин куноосун кечирсин. Чындыгында ыйлап жибердим. Окунучтуу тирик жандар бири бирин корбой кош айтышты. Атасы сыгылып эле каза болду окшойт. Жаткан жери жайлуу болсун.
+18
kechirmeni
2017-09-20 16:20:20
Кудайдан коркпогондор десе, 2 кун жерге бербей кутуп турабы, анан дагы жибериш жибербеши белгисиз. Садыр Жапаровду сыйлабасанар да олгон адамды сыйлабайсынарбы? Же закондун бир жеринде жазылганбы жибербеш керек деп. Шашпагыла, кимге кандай мамиле кылсанар ошону коросунор, бул турмуштун тажрыйбасы, Садыр Жапаровго кылган мамилени озунор коросунор,силердин башынарга да тушот эртели кеч
+29
Attila88
2017-09-20 16:47:03
kechirmeni,Омииин.айтканын келсин.
+7
chyrok
2017-09-20 16:52:48
Жиберишет элден корконунан жиберишет менимче болушунча кеч жибергенге аракет кылып атса керек да
+2
Begimay.emir1
2017-09-20 16:54:13
Терен кайгыруу менен конул айтам... Жапаровтордун уй-булоосундо эн оор кундор отуп жатат сабыр кылыныздар
+7
aibars
2017-09-20 16:58:03
Коштоп барып зыйнатына катыштырып жаназасына уруксат беришсе болбойт беле, ар дуйно.
+3
Kroxa
2017-09-20 17:29:02
Атасы кайран киши куйуттон эле кеттиго..окуя болбогондо дагы канча жашайт эле ким билет??жайы жаннаттан болсун..сабр тилейли туугандарына
+4
kalpak.kg92
2017-09-20 18:16:27
Атасы кайран киши куйуттон эле кеттиго эх арман дүнүйө көзү тирүүсүндө өз баласын акыркы жолу көрүүгө зар болуп кете бериптир да. Аллах рахматына алып бейишинен орун берсин ....Алла сабыр берсин Садыр Жапаровко
+3
Nendi15
2017-09-20 18:32:01
Күйдүрдүнорго бийликтегилер
0
almanbetperm
2017-09-20 18:32:44
2 кун эмес 2 саатта чечишинер керек
+4
tatynam_88
2017-09-20 18:41:26
Садыр Жапаров дагы бир чыналды.кудайым сабыр берсин.бийликтин шумдуктары Каримовдукунан да отуп баратабы
+10
suban78
2017-09-20 19:05:34
Кокуууй ооой бу силер бир Кудай ургур болдунар да эй адамдар. Соз таппай калдым, эмне бийшик деп эле биротоло адамдыктан кеттинерби. Анчалык эмес да.
+4
Attila88
2017-09-20 19:55:49
бийлик эмес 8бай кылтат баарын (укмк нын башчысы) атасы байга подход кылып
+4
Alicia
2017-09-20 20:08:17
Arty kairyluu bolsun :(
0
eduardali
2017-09-21 00:16:46
аша сага НАЛАТ
+2
Guligo.92
2017-09-23 04:40:58
кудай урат бул иттерди мусулман екенин и жон гана адам екенин унутушканго ертен оздору да олоорун есинен чыгарбаса болду . садыр жапаров призидент болуш керек болчу озу . шайлоо бир грамм барганга желанием жок . анткени ишенбейм мен бул шайлоого давно еле шайланып калган карапайым элсиз эле . дунуйо талашып бирин этин бирин жегиле . москвада тентигиген биз дагы деле тентип журо беребиз . силер азыр жыргап жашагыла тиги дуйнодо корушобуз акыбалыбыз кандай болгонун .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан