Бишкекте коңшусунун баласына кол көтөрдү делген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя ушул жылдын 16-сентябрь күнү Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин жатаканасынын жанында болгон.
Интернетке тараган видеодон эки баланын урушуп жатканын, бири экинчисин таяк менен чаап жатканын жана ошол учурда балдардын биринин атасы жардамга келгенин көрүүгө болот. Ошондой эле ал таяк менен урган баланы уулуна кармап берип сабаткан.
"Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Учурда алгачкы материалдар топтолуп, шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп билдиришти Бишкек ШИИББинен.