Рамзан Кадыров менен Тимати 1000 тургунду бургер менен сыйлады

Орусиялык рэпер Тиматинин Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров менен биргеликте тез татым тамактарын даярдап жаткандагы сүрөт, видеолору интернетке жайгаштырылган. Чет элдик маалымат булактары жазгандай, ырчы менен президент биргеликте Грозный шаарында ресторан ачышкан.

Ресторандын ачылыш аземине миңдей тургун келип, аларга тез татымдар акысыз таратылган.

"Биз 500дөн ашык бургер даярдап койдук, кечке чейин 1000ге жеткиребиз деген үмүт бар. Мунун баары биздин ресторанга келген коноктор, шаардык тургундар үчүн. Рамзан Кадыров колуна мээлей кийди, демек, ал сиздер үчүн эң даамдуу жана ширелүү бургерлерди даярдап берет", - деп билдирген Тимати ачылыш аземдин алдында.

Ал эми Кадыров интернеттеги баракчасына алардын ресторанында тамак-аштан тышкары түрдүү балмуздак, шоколад бар экендигин, эң негизгиси адал тамактар деп жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Mambetali
2017-09-21 09:40:14
Президент деп ушуну айт...
+12
Kaary
2017-09-21 09:43:43
Р. Кадыровдун жанындагы кепка реппер братан го?
+3
Rifle_I
2017-09-21 09:46:57
Кадыровдун саясаты жагат да. Велосипед менен шаарды айланып, иштебеген министрлерди акесин таанытат. Мянмадагы окуяга өтө күчтүү сөзүн айтты. Дүйнөдө Эрдоган менен Кадыров эле сүйлөдү.
Тиматинин жанындагы кыргыз эмеспи
+12
toktor89
2017-09-21 22:28:20
Rifle_I, ооба кыргыздар. Мен коп барам Блак стар бургерде иштегендердин кобу кыргыз. Айлыктары да жакшы экен ийгилик баарына
0
Assist
2017-09-21 10:00:17
Black star Burger сочный, мощный
+1
monok2001
2017-09-21 10:40:56
кыргыз эле окшойт,азиат го дейм
0
afina66
2017-09-21 14:22:29
monok2001,жон окшоштуруп урдура бересинерби Кыргыз емес анын
-1
Abramovich
2017-09-21 10:41:10
Тимати биринчи Гамбургерин ачканда орустар иштечу экен. Кичине убакыт откондон кийин орустар жакшы иштей албай анан бут кыргыздарды алыптыр. Кыргыздар эмгекчил, бат анан адамгерчиликтуу болот экен дептир. Жанындагы кыргыз болушу толук мумкун
+9
Janybekleilekkg
2017-09-21 12:22:44
Abramovich,Тиматинин москвадагы бардык ресторондарына мен булочкасын доставка кылам орустар эле иштей,т озуно окшогон кулагында сойкосу,денеси бут татуировка болгон балдар иштешет,мойкада анан пол жуугандар кыргыз кыздар
+2
tatynam_88
2017-09-21 19:04:41
Janybekleilekkg,булочкасын биз местасында бышыраьыз.арбаткаяда.напитогун деле озубуз жасайбыз.мойка,уборкасында орус улуу эле аял иштейт.
0
toktor89
2017-09-21 22:29:33
Janybekleilekkg,адашып атасыз. Аттын акырын эшектики деп.
0
Ali-han
2017-09-21 12:32:46
Кыргыздар да бар повар болуп иштеген. Колдоруна татуировка га окшогон перчатки кийип алышат
0
toktor89
2017-09-21 22:30:28
Ali-han, туура ал жон эле жемпир ошондой светтеги
0
bom.bon
2017-09-22 03:08:15
Блекстар бургерден, жегим барда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан