Мексикадагы жер титирөөдөн улам каза болгондордун саны 230га жетти. Бул тууралуу чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары жергиликтүү бийликке шилтеме берүү менен жазышууда.
Маалыматка караганда, зилзаладан 209 мектеп жабыркап, 15и кыйраган. Кечээ Мехикодогу башталгыч мектептин урандыларынын алдынан бир кыз тирүү куткарылды. Ошондой эле 21 окуучунун жансыз денеси табылган.
Каза болгондордун саны мындан да артышы мүмкүн. Азыркы тапта издөө-куткаруу иштери жүрүп жатат.
Айта кетсек, күчү 7,1 баллга жеткен жер титирөө 19-сентябрь күнү саат 21:13тө катталган. Зилзала болгон аймактарда 20 миллиондон ашуун калк жашайт. Жер титирөөнүн айынан бир катар имараттар кыйроого учурап, тургундар урандынын алдында калышкан.