Москва районунда жеке турак жай өрттөнүп, үй ээси түтүнгө ууланып каза болду

Чүй облусунун Москва районуна караштуу Ак-Суу айылында жеке турак жай өрттөнүп, үй ээси түтүнгө ууланып каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Москва районуна караштуу Ак-Суу айылында үйлөрдүн биринен 20-сентябрь күнү өрт чыккан. Кырсыктын кесепетинен бөлмөдөгү төшөнчү жана үй эмеректери күйгөн. Кырсык болгон үйдөн 1949-жылы туулган С.З. аттуу үй ээсинин түтүнгө ууланган жансыз денеси табылган.

Каза болгон тургундун сөөгү милиция кызматкерлери тарабынан өлүкканага жеткирилген. Учурда өрттүн чыгуу себеби такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nurmat92
2017-09-21 10:41:39
Өрт тилсиз жоо дейт. Деги акыркы күндөрү эмне эле болуп баратат
0
Nurmat92
2017-09-21 10:42:31
Акыркы күндөрү жаңылыктарды окугум келбей баштады
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан