Жолбун мышыктардын балдарын баккан америкалык жашоочу жүздөгөн жаныбарларды өлүмдөн сактап калган

Америкалык Ханна Шоу аттуу кыз көп жылдардан бери жолбун мышыктарды, өзгөчө мышыктын жаңы туулуп, көчөгө ташталган алсыз балдарын багууга болгон убактысын арнап келет. Анын социалдык тармактагы баракчасында баккан мышыктарынын сүрөттөрү өтө көп. Мышыктын балдарын кароого үзгүлтүксүз, кылдат мамиле керек болгондуктан ал көчөдөн, парктан, айтор жаныбарды таштаган жерден таап келгенден кийин оорусу, алсыздануусу кеткенче карайт.

Ханна 12 жашынан тартып эле жаныбарларга кам көрүүнү баштап, эт жегенди токтоткон. Ошондон тартып жаныбарларды коргоого багытталган иш-чараларга катышып келет.

Ал окуучу кезинде мышыктарды кийиминин ичине, коюнуна катып алып келип, үйүндө ата-энесинен жашыруу үчүн дааратканага кирип алып тамак берип карай баштаган. Кийин бул жумуш менен олуттуу алектенип, азыр аны мышыктын коргоочусу жана сактоочусунун профессионалы деп билишет.

"Акыркы жолу мен өмүрүн сактап калган мышыктарды эсептесем алар жүздөй экенин билдим, бирок так санын айтуу кыйын. Кээде мышыктарды биротоло багууга алып калам, кээде багып алууну каалагандарга, атайын жайларга өткөрүп берип, кеңеш жана керектүү азыктардан жардам берип турам. Жолбун мышыктар көчөдө туугандыктан алардын балдары көбүрөөк кароого муктаж, ветеринарга сөзсүз алып барыш керек. 8 жумалык болгонго чейин өзүм багам, андан кийин кароо оңой болуп калганда каалоочуларга өткөрүп берем", - деген ал.

Ал баккан мышыктар өтө кичинекей жана алсыз болгондуктан кээде өзү менен кошо алып жүрүүгө туура келет. Анын үйүндө өзүнүн 2 мышыгынан сырткары убактылуу кароого алган мышыктар үзүлбөйт. Айрым учурда кароодогу мышыктарынын саны 8ден ашат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан