ЖЫЛНААМА, 21-СЕНТЯБРЬ: "Коркунучтуу чыгармалардын падышасы" аталган америкалык жазуучу Стивен Кинг 70 жашка толду

"Өзүңдү керексиз сезип кетип калуу - жеңилүү эмес. Сага жасалган көңүл кош мамилеге чыдоо жана калып калуу - ар бир мүнөттүк жеңилүү". Мындай афоризм бала кезинен турмуштун оор кырдаалдарын башынан кечирген америкалык жазуучу Стивен Кингге таандык.

Ал бүгүн, 21-сентябрда 70 жашка толду. Бул куракка "куру кол" келбегенине анын өмүр баянына көз жүгүрткөн адам ынанат. Ал 55 роман, 5 илимий китептердин жана 200гө жакын аңгеменин автору. Коркунучтуу чыгарма, триллер, фэнтези, фантастика, мистика, драма, айтор түрдүү жанрда чыгарма жараткан Стивен Кингдин ушул кезге чейин 350 миллион экземпляр китеби сатылып "Коркунучтуу чыгармалардын падышасы" деген атка ээ болгон.

Стивен Кингдин жарык дүйнөгө келүүсүнүн өзүн - апасы "керемет окуя" деп эсептеген. Анткени апасы Нелли Рут Пиллсбери турмушка чыкканда дарыгерлер аны "төрөбөйт" деген аныктама беришкен. Бирок апасы 2-жолу Дональд Эдвард Кингге турмушка чыгып бала асырап алышкан. Андан 2 жыл өткөндөн кийин Нелли Рут Пиллсбери кош бойлуу экенин билген. Ошентип 1947-жылдын 21-сентябрында келечектеги жазуучу, сценарист төрөлгөн. Бирок ал ата-энесинин биргеликтеги турмушун кармап кала алган эмес. Стивен 2 жашында атасы чылым алып келүү үчүн кетип, кайрылып келген эмес. Кийинчерээк, анын башка аялга үйлөнүп, 4 баласы менен жашап жүргөнү белгилүү болгон. Апасы балдарын багуу үчүн бардык кара жумуштарды аткарып, көп жерлерге көчүшкөн.

Стивендин жазуучулук өнөрү 7 жашынан эле билинген. Алгачкы аңгемелери үчүн апасы 25 центтен төлөп берип, баласынын таланты бар экенин айтып, мактаган. Стивен Кингдин коркунучтуу чыгармаларды көп жаратуусуна бала кезиндеги окуялардын бири себеп болгон. Окуучулук күндөрүндө досторунун бири поезддин дөңгөлөгүнүн алдында калып, каза болгон. Көз алдында жолдошун каардуу өлүмгө алдырган Стивен бул окуяны көпкө чейин унута алган эмес.

1966-жылы Стивен англис тили мугалими боюнча билим алуу үчүн окуу жайга тапшырган. Бул кезге чейин анын бир топ аңгемелери жарык көргөнү менен, ага киреше алып келе элек болчу. 1973-жылы баласынын ири ийгиликтерине күбө болбой апасы дүйнө салган. 1974-жылы анын "Кэрри" романын чыгарууга алган басмакана ага 2500 доллар калем акы төлөп берген. Буга чейин мугалимдик менен кара жумуштарды кошо жасап, күнүмдүккө каражат таап жүргөн Стивен менен жубайы Табита Спрюс экөө андан ары шыктанып, чыгармачылыкка биротоло киришкен.

Табита Спрюс менен жазуучу 3 баланы тарбиялап чоңойтушкан. Табита 9 китептин автору. Балдарынын ичинен экөө жазуучулук менен алектене баштаган.

Стивен Кингдин көптөгөн чыгармалары экрандаштырылган. 1999-жылы сценарийин ал түзүп чыгарган "Секретные материалы" сериалы дүйнөлүк популярдуулукка жеткен.

Анын "Сияние", "Стрелок", "Кладбище домашних животных", "Извлечение троих", "Бесплодные земли" жана башка чыгармалары эл арасында белгилүү.

21-сентябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан