Бишкектин көчөлөрүнө гүл отургузуу иштери жүрүп жатат

Бүгүн, 27-май күнү борбор шаардын Ибраимов, Шабдан баатыр, Абдрахманов көчөлөрүндө жана Манас проспектиндеги жол жээгиндеги геотосмолорго гүл отургузуу иштери уланууда. Ошондой эле Дэн Сяопин, Чүй-Манас, Чүй-Абдрахманов жана Ахунбаев көчөлөрүндөгү пирамидаларга (атайын гүл өстүрүүгө ылайыкталып жасалган орундук) гүл отургузуу иштери да жүрүп жатканын мэриянын басма сөз кызматы билдирет. “Жашылдандыруу” ишканасынын билдирүүсү боюнча, гүлдөрдү отургузуу март айында эле башталган. Аларды сугаруу иштерине 12 техника бөлүнүп, күн сайын иштеп жатат. Алардын 4ү “Жашылдандыруу”, 8и “Тазалык” муниципалдык ишканасына таандык.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан