Нариман Түлеев боюнча кийинки соттук отурум 29-майга белгиленди
Бүгүн, 27-майда Ленин райондук соту Бишкек шаарынын мурунку мэри Нариман Түлеев боюнча соттук отурумду 29-майга жылдыруу чечимин чыгарды. Буга айыпталуучунун 3 жактоочусунун жыйынга келбегендиги себеп болду. Кийинки отурум аталган күнү саат 10:00дө башталат. Айта кетсек, экс-мэр жана мэриянын мурдагы бир катар жооптуу кызматкерлерине карата козголгон кылмыш иши боюнча сот ишине судья Аман Сариев төрагалык кылууда.