super.kg logo

Сооронбай Жээнбеков: "Жеңишке биргеликте жетебиз!"

 

- Кымбаттуу спортчулар!

Жабык имараттагы жана уруш түрлөрү боюнча Түркмөнстандын борбор калаасы Ашхабадда өтүп жаткан Азия оюндарынын 5 күндүк жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын спортчулары 30 медаль утуп алганын мен абдан чоң кубаныч, толкундоо жана сыймык менен кабыл алдым.

Кыргызстандын курама командасынын эсебинде 2 алтын, 10 күмүш жана 18 коло медалы бар. Бүгүнкү күндө медалдык зачётто өлкөбүз 15-орунда келе жатат. Бул дагы чек эмес. Алдыда силерде дагы 5 күн бар, буюрса, ушул мезгил аралыгында сиздер Кыргызстанды алдынкы катарга чыгарасыңар деп ишенем.

Мен дайыма ата мекендик спортту өнүктүрүүгө жана спортчуларды колдоого өзгөчө көңүл бөлүп келгем. Кыргыз Республикасынын премьер-министри болуп турганда спорттук мыкты жыйынтыктарды көрсөткөн спортчулар менен бир канча жолу жолуккам. Спортчуларыбыз түрдүү деңгээлдеги эл аралык мелдештерде жеңишке жетишип, бизди кубантуусун улантып жатышат.

Үгүт иштеринин алкагында мен учурда бүт Кыргызстанды кыдырып жүрөм. Бүгүнкү күндө республиканын көптөгөн калктуу пункттарында спорт залдар жана секциялар иштеп жатканына кубанычтамын. Өлкөбүздүн эң алыскы тоолуу айылдарында да спорт менен активдүү машыккан жаштарыбыз аз эмес экен. Массалык спортту өнүктүрүү максатында жакынкы 5 жылда ар бир мектепте заманбап спорттук залдар пайда болот. Бул өлкөдө спорттун түрлөрүн өнүктүрүүгө, жаш муунду дене тарбия сабактарына жана спортко тартууга дем берет.

Сиздердин ийгиликтериңер жаңыдан баштаган жаш спортчуларга спорттук тепкичтеги биринчи кадамдары үчүн жакшы түрткү болуп саналат. Ата мекендик спортчулардын жеңиши биздин өлкөнүн дүйнөлүк аренада аброюн көтөрүүдө. Сиздердин спорттогу ийгиликтер аркылуу дүйнөнүн эң алыскы булуң-бурчундагы элдер Кыргыз Республикасы жөнүндө билишүүдө.

Азыр биз жолдун жарымын гана өттүк, кымбаттуу спортчулар! Силер башкалардан тез, бийик жана күчтүү болушуңар керек. Мамлекетибиз үчүн медалдарды утуп берген спортчулардын колунан бекем кысам. Байгелүү орундар үчүн дагы күрөшкө түшчү спортчуларга ийгилик каалайм жана жеңиштерине ишенем.

Ишенебиз, үмүттөнөбүз, жеңиш менен күтөбүз!

Урматым менен,

Сооронбай Жээнбеков

Биздин байгечилер

Алтын:

Тычтыкбек уулу Бекзат

Муртазалиев Абдурахманхаджи

Күмүш:

Мурзабеков Эрланбек

Тавалдиев Руслан

Кувалов Тилек

Мизамидин кызы Мээрим

Момунова Мээрим

Мамарасул кызы Алтынай

Сатарова Гульшаной

Кудайбердиев Эсенбек

Марсбек кызы Назира

Жуманазарова Мээрим

Коло:

Аширов Орозбек

Шаршеналы уулу Мадаминбек

Нышанов Ильяс

Келсинбеков Кадыр

Эралиев Мирлан

Айтиев Айдарбек

Бактияр кызы Нурзат

Арзыбекова Назира

Рыскулова Анара

Алыбай кызы Уулкан

Сабитов Камиль

Клешчукова Арина

Клешчукова Арина

Бекишов Ариет

Матысаев Бекжан

Шамшидин уулу Кененбек

Арзыбекова Назира

Алыбай кызы Уулкан

Даярдоочу: ЖЧК «SUPER.KG» (СУПЕР. КЕЙ ДЖИ), Бишкек ш., Күрөңкеев к., 180.
Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер С.Ш.Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
Нускасы 1 даана. Чыгарылган датасы: 22.09.2017-ж.

кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114713;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: