ЭЛДИК КАБАР: Кайыңдыда Ауди үлгүсүндөгү унаа атчан балдарды сүзүп кетти

"Чүй облусуна караштуу Панфилов районунун Кайыңды айылында 23-сентябрь түнү болжол менен саат 21:30, 22:00 чамаларында Ауди үлгүсүндөгү унаа атчан эки жаш баланы сүзүп кетти", - дейт окурман.

"Балдар көк бөрүдөн келе жатышкан экен. Атынын жамбашы сынып, тура албай калды. Жабырлануучу балдарды ооруканага алып кетишти. Абалдары туруктуу экен. Унаанын номерин кийин чечип коюшту. Инициалдары эсте калбай калды бирок 1111 мамлекеттик номерлүү болчу", - деп кошумчалады ал.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Elnura08
2017-09-24 12:22:52
Иии,жаман болуптур,эмне водители качып кетиптирби?
+3
kg-patriot
2017-09-24 12:42:42
Камаш керек мындай айдоочуларды балдар жакшы аман эсен экен эгер тетириси болгондо эмне болмок кудай сактасынго бизде созсуз адам олгондо анан кыймылдашат алдын алышпайт кырсыктардын праваны сатышат жолдо нарушения кылса акча алып койо берет эхх качан чындык болот экен бизде окунучтуу атка жалка просто азыркы заманда жаныбар болсода адамдарга караганда акылдуу пайдалуу иш берет аттар а адамдар зыян жырткычтардан отуп баратат
+2
jon.as
2017-09-25 04:10:15
Деги айдоочулар каякты карап айдашат....адырандап бир опкосун колуна кармап айлып айдаганго
0
kechirmeni
2017-09-25 09:46:12
Бир жактуу карап айдоочуларды куноолой берген деле туура эмес, мумкун улакчы балдар мас болуп жолго чыга калгандыр ат менен, мумкун айдоочу чындап эл куноолуудур,туну акырын жургон жакшы, встречный келатканда фарынан анын арты корунбой коп кырсыктар болот. Айдоочулар да жургунчулор да абайлайлы
+2
Kuyoo_bala
2017-10-04 02:04:47
Айдоочулар дагы,жургунчулор дагы малдан айырмасы жок,доопорос болуп баратышат.Мал айбан болсода кожоюнуна пайда келтирет,балдарына жырткычтай мамиле кылбайт,коргойт баласын кызганып,а адамдарчы?!Айбанданда отуп баратышат...абдан окунучтуу.
Тема боюнча айтсам,кырсыкка кабылган адамдарга эч кыжалат болгонум жок,айдоочусунада,улакчысынада.Жолдо жамбашы сынып канга боёлуп жаткан жылкы баласына ыйлагым келди((.Атты минип башкарып бараткан дагы адам,машинаны башкарган дагы адам.Мээси жоктор..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан