23-сентябрда Орусия Федерациясынын Таймыр жарым аралындагы Хета калктуу аймагында күрөң аюу 6 жаштагы 2 балага кол салган. Алардын бири каза болуп калгандыгын Красноярск крайынын тергөө комитети Орусиянын маалымат булактарына кабарлашты. Маалыматта белгилүү болгондой, эки бала эгиз болушкан.
"Эки бала Хета айылынын аймагындагы токойго жакын ойноп жүрүшкөн. Күтүүсүздөн токойдон чоң күрөң аюу чыгып ойноп жаткан балдардын бирин басып жыгылып, тиштегилеп салган. Алган жаракатынан улам бала каза болгон. Ал эми экинчиси качып кетүүгө үлгүргөн", - деп жазылат маалыматта. Кичине баланы өлүмгө дуушар кылган аюуну жергиликтүү жашоочулар атып өлтүрүшкөн. Экинчи баланын абалы тууралуу маалыматтар айтылган эмес.
Маалымат үчүн: Таймыр жарым аралы Орусиянын аймагындагы эң чоң жарым арал. Ал Евразия континентинин кургак бөлүгүнүн эң түндүк тарабы болуп саналат. Жарым арал Енисей куймасы менен Карск деңизинин жана Лаптев деңизинин Хатангск куймасына чектеш жайгашкан. Аймак суук жана токойлуу келет. Анда сууда жана кургактыкта байырлоочу жапайы, жырткыч жаныбарлардын көптөгөн түрлөрү жашайт.