Амфибиялар классына кирген гигант баканын түрү мындан 70 миллион жыл мурда жашагандыгын окумуштуулар изилдеп чыгышты. Мындай маалыматты алар чет элдик басылмалардын бирине билдиришкен.
Маалыматта айтылгандай, байыркы бакалар абдан күчтүү жаакка ээ болушкан дагы, анча чоң эмес динозаврларды жутуп коюшкан.
"Beelzebufo ampinga — качандыр бир мезгилде жер жүзүн байырлаган чоң бакалар. Болжол менен мындан 65-70 миллион жыл мурун Мадагаскар аймагында жашашкан. Алар чоң болушса дагы азыркы эле мүйүздүү бакалардыкындай түзүлүшкө ээ болушкан. Ошол себептен окумуштууларга байыркы бакаларды изилдөө оңоюраак болгон", - деп жазылат маалыматта.
Мүйүздүү бакалар чоң ооздору менен айырмаланышат. Окумуштуулар алардын оозунун ачылышына карап, жаактын карыштыруусунун күчүн өлчөп чыгышкан. Алар бакалардын жаагынын күчүн өлчөгөн атайын датчиктерди колдонушкан.
Эксперимент учурунда башынын диаметри 4,6 сантиметрди түзгөн мүйүздүү бака нерсени тиштегенде анын жаагынын күчү 30 ньютонго барабар болгон. Мындай күч менен бакалардын бул түрү жабышкаак тили менен кармап алган олжосун коё бербей тиштеп тура алат. Окумуштуулардын айтымы боюнча, мүйүздүү бакалар башка бакалардан айырмаланып күчтүү жаакка ээ келишип, өзүнүн көлөмүндөгү жылан, кемирүүчүлөр сыяктуу жандыктар менен тамактана алышат.
Ошентип окумуштуулар жаактын күчүн ченөө менен бирге байыркы бакалардын көлөмдөрүн аныктоого мүмкүндүк алышкан. Мындан улам алар көлөмүнө жараша өз заманында анча чоң эмес динозаврларды да жутуп коюшары мүмкүн болгон деген жыйынтыкка келишкен.