БШКнын чечими: Сооронбай Жээнбековду колдогон Зилалиевге карата чараны катаал кылуу сунушу өкмөткө жөнөтүлдү

24-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековду колдогонун айтканы боюнча чечим кабыл алынды.

БШКнын жумушчу тобу Дүйшөнбек Зилалиевге караштуу маселеге укуктук баа берүү үчүн материалдарды Башкы прокуратурага жиберүү, ошондой эле өкмөткө анын кызматтык жоопкерчилигин кароо боюнча чечим кабыл алды. Жумушчу топтун мүчөлөрүнө Зилалиев Жээнбековду колдоо боюнча оюн тар чөйрөдө жеке айтканын билдирген. Алардын маалыматына ылайык, бул үгүттөөгө Сооронбай Жээнбековдун тиешеси жок.

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун ыйгарым укуктуу өкүлү Эрик Ирискулбеков Дүйшөнбек Зилалиев аталган кызматка КСДП фракциясы тарабынан көрсөтүлгөнүн айтып, Жээнбековдун тишеси жок экенине кошулбай турганын билдирди. Ал Жээнбековдун дагы жоопкерчилигин кароону сунуштады.

Комиссиянын мүчөсү Гүлнара Журабаева жумшак чара көрүү чечим кабыл алынганын айтты.

БШКнын төрайымынын орун басары Атыр Абдрахматова Башкы прокуротурага материалдарды жөнөтүү керектигин белгиледи. Анын айтымында, ММКларга чыккан маалыматтар кылмыш ишин козгоого негиз боло берет. “Ал жөнөкөй шайлоочу катары оюмду айткам деп жатат. Башкы прокуратурага жөнөтүшүбүз керек. Сөзсүз түрдө баа бериши керек. Жоопкерчиликке тартыш керек. Башкы прокуратура мыйзам бузуу болгону же болбогону боюнча 3 күндүн ичинде жооп бериши керек”, - деди ал.

Жыйынтыгында Зилалиевге караштуу маселеге укуктук баа берүү үчүн материалдарды Башкы прокуратурага жөнөтүү сунушу өткөн жок. Ал эми өкмөткө анын кызматтык жоопкерчилигин кароодо катуу чара көрүүнү жөнөтүү чечимди колдошту.

21-сентябрда активист Адил Турдукулов жана Эрик Ирискулбеков президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековду колдоого үгүттөгөн дин аалымы Чубак Жалиловдун жана вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин кайрылуулары боюнча укуктук баа берүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына эки арыз жазышкан. Эске салсак, 19-сентябрда вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев Баткен облусунун активи менен жолугушуп, КСДПнын талапкерин колдоорун айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан