Президенттик шайлоону уюштуруу боюнча республикалык штабдын башчысы, өкмөттүн вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиев 19-сентябрда Баткен облусунун активи менен жолугушуп, КСДПнын талапкерин колдоорун айтты. Бул тууралуу "Азаттык" радиосу жазып чыкты.
"Мен сиздерден азыр келип суранарым: бизди колдоп бериңиз. Президенттин саясатын уланта турган - бул Сооронбай Шарипович (Жээнбеков - ред.). Мен дагы агитация кылган жерим жок. Ал эми араңыздарда ар кандай ой болушу мүмкүн. "Жок, сиздики туура эмес" деп мен айта албайм. Биз демократиялык өлкөдө жашайбыз. Өзүңөрдүн эркиңер кимге бересиңер. Бирок мен өзүмдүн оюмду ачык айтып койдум. Бардыгыңыздар ушул мамлекеттен, ушул бюджеттен айлык маяна алып иштеп жатасыздар, суу ичкен кудукка, мен сиздерден суранам түкүрбөгүлө", - деди Зилалиев.
Ал бул жолугушууда айтканы тууралуу "ал жерде менден сурашканынан мен кимге бере турганымды айттым. Алдын ала үгүт катары кабыл албаңыздар деп айттым" деп түшүндүрдү.
Эскерте кетсек, 25-августта Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министрликке талапкер болуп турганда Сапар Исаков: "Президенттик шайлоодо эч кимге чуркабайбыз. Биз технократтар өкмөтү болобуз. Саясий оюндарга кирбейбиз. Максатыбыз такыр башка", - деп депутаттарга убада берген.
Президенттик шайлоо 15-октябрга дайындалган.