Изилдөөчүлөр уйкуну кандыра уктабоо ден соолукка пайда алып келерин айтып чыгышты. Уйкунун жетишсиздиги депрессия менен күрөшүүгө жардам берет дешет америкалык окумуштуулар. Мындай маалыматты алар АКШда клиникалык психотерапия боюнча атайын журналга жарыялашкан.
Муну изилдөө үчүн изилдөөчүлөр 66 экспериментти 1974-жылдан баштап, 2016-жылга чейин жүргүзүшкөн. Мындан улам уйкунун жетишсиздиги депрессиядан чыгууга жардам берет деген жыйынтыкка келишкен. Башкача айтканда, адам депрессияга кабылганда уйкуну аз уктап, маал маалы менен уйкунун режимин бузуп турса депрессиядан жеңилдеп калат дешет.
Белгилей кетсек, буга чейин америкалык дарыгерлер уйку режиминин бузулушу же уйкуну кандыра уктабоо кант диабети, жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркаган адамдарды инсультка жеткирип, өлүмгө эрте алып келет деген жыйынтыкка келишкен. Мындай дарттар менен жабыркаган адамдар 6 сааттан кем эмес уктоолору керек экенин врачтар эскертет.