Кыргыз өлкөсүнөн эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү колго түштү. Мындай маалыматты Кыргыз Республикасынын УКМКнын маалымат кызматы билдирет. Ал 1995-жылы туулган М.М. аттуу жаран болгон.
Шектелип кармалган 22 жаштагы адам өзү чет өлкөдө жүрүп, Сириядагы согуштук аймакка Кыргыз өлкөсүнөн согушууга адамдарды жиберүүгө көмөк көрсөтүп турган. Ошондой эле согушкерлерге медициналык дары-дармектерди жеткирип тургандыгын кабарлайт УКМКдан.
"2017-жылдын март айында согушкерлер башчысы С.Мухтаров (каймана аты Абу Салох) аттуу адамдын буйругу менен М.М. террордук чабуулдарды жасоого жана аларды пландоого жардам көрсөтүү максатында Кыргыз өлкөсүнө келгендиги аныкталды", - деп жазылат аталган кызматтын маалыматында.
Азыркы учурда УКМКнын тергөө органдары тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 226-4-беренесине (Кыргыз Республикасынын жаранынын чет өлкөлүк мамлекеттин аймагында куралдуу чыр же аскердик иш-чараларга катышуусу) ылайык кылмыш иши козголгон.
Кармалган жаран аталган кызматтын тергөө абагына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.