Жабык имараттагы Азия оюндары: Коло медалды 2 Кыргыз самбочу талашат

Бүгүн, 25-сентябрда Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-27-сентябрь аралыгында өтүп жаткан уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарында Кыргыз самбочу финалга чыкты. Эми ал алтын медалды жеңгенге аракет кылат.

Орозбек Автандил уулу 62 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп чейрек финалда ирандык Алиреза Чераги менен беттешип 8:1 эсебинде жеңип алган. Жарым финалда Кыргыз спортчу өзбекстандык Улугбек Хакимовду жеңип финалга чыккан. Эми финалдык баскычта Орозбек Автандил уулу түркмөнстандык Керимберди Давлетов менен беттешет.

Андан тышкары 57 килограммга чейинки салмак ченинде 2 Кыргыз самбочу бири-бирине туш келди. Эми Дөөлөт Садыркулов менен Белек Бараканов коло медалын талашат.

Ошондой эле дагы 3 Кыргыз самбочу коло медалдарды жеңгенге аракет көрөт. Алар Эдилбек Шакирмаматов, Урмат Мамбекжан уулу жана Максат Мусабаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан