Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-27-сентябрь аралыгында өтүп жаткан уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарында Кыргыз бильярдчы коло медалына татыды.
Канат Сыдыков бильярддын "орус пирамида" стилинде мелдешке катышып чейрек финалда түркмөнстандык Бегенч Жумагулжовду жеңип алган. Жарым финалда Сыдыков казакстандык Алибек Омаровго туш келип жеңилүү ызасын тарткан. Бул жыйынтык менен Канат Сыдыков коло медалына татыды.
Муну менен Кыргыз өлкөсүнүн капчыгында 52 медаль болду. Алардын ичинен 7өө алтын, 15 күмүш жана 30у коло медалдар. Жалпы медалдык эсепте Кыргыз өлкөсү 11-орунда жайгашууда.