Башкы прокуратура Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында студенттерди шайлоого карата талапкерлердин бирине үгүттөө фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда башкы көзөмөлдөөчү органдын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кылмыш иши “Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга же шайлоо комиссияларынын ишине тоскоолдук кылуу” беренесинин негизинде козголду. Иликтөө иши Ички иштер министрлигинин тергөө кызматына жүктөлдү.
“Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция” коомдук бирикмесинин арызы боюнча, аталган окуу жайдын мугалими КСДПдан президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековго үгүттөп, каршы добуш бергендер окуудан айдалат деп коркуткан. Ошону менен катар эле арызда Чолпон аттуу студент башка талапкерди колдогондуктан аны аудиториядан чыгарып жибергени жазылган. Борбордук шайлоо комиссиясы бул материалга укуктук баа берүү үчүн 20-сентябрда Башкы прокуратурага жиберген.
Эске салсак, 14-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Алтынай Өмүрбекова бул окуя тууралуу айткан. Андан соң аудиожазуу интернетке тарап коомчулукта талкуу жараткан. Мындай көрүнүштөргө каршы 17-сентябрда жарандык активист, студенттердин катышуусунда "Биз коркпойбуз!" аталышындагы акция өткөрүлгөн.