КСДП фракциясынан депутат Анвар Артыков Кыргыз-Өзбек чек арасы жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулоодо эч кандай жашыруун нерсе жок экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-сентябрда SUPER.KG порталына билдирди.
"Бул мыйзам долбоору эки мамлекеттин мамилеси жөнүндө болуп жаткандыктан жабык өтүшү керек. Себеби талкуу учурунда ар кандай сөздөр болушу мүмкүн. Айрымдар түшүнбөй туура эмес сүйлөп алат. Такталбаган сөздөр сыртка чыгып кетпеши үчүн жабык өтөт. Мындай сөздөр эки өлкөнүн мамилесине залакасы тийгизиши ыктымал. Жыйынтыгы так болгондон кийин гана жарыя кылуу керек", - деди депутат.
Эске салсак, аталган мыйзам долбоору бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде жабык эшик артында 2-окууда каралып жактырылды. Буга чейин дагы бул маселе 1-окууда парламенттин жалпы жыйынында жана комитеттерде жабык каралган.