Нарын облусунда быйыл 5 окуучу артыкчылык аттестаты менен мектепти аяктоодо

Нарын облусу боюнча жалпы 56026 мектеп окуучусу болсо, алардын 4907си 9-классты, 3398и 11-классты аяктап жатат. Облус боюнча 106 бүтүрүүчүгө кызыл аттестат берүү сунушталса, Билим берүү жана илим министрлигинин атайын тестирлөөсүнөн 5 гана окуучу өткөн. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн бөлүм башчысы Салия Жолдошева билдирди. Айтымында, эки окуучу тесттен алган баасына макул эместигин билдирип арыз менен кайрылган, эми алар кайрадан тестирлөөдөн өтүшмөкчү. Маалыматка ылайык, өткөн жылы облус боюнча мектепти 18 окуучу кызыл аттестат менен бүтүргөн. “Тестирлөөнүн талаптары өтө катуу болуп жатат, ошондуктан быйылкы окуу жылында 5 гана окуучу кызыл аттестат менен бүтүрүүдө”,- дейт Жолдошева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан