Бүгүн, 26-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Камчыбек Ташиевдин президенттикке талапкер катары каттоосун жокко чыгарды. Тийиштүү баяндаманы комиссиянын мүчөсү Елена Жилкичиева жасап, БШКнын мүчөлөрү Ташиевдин өтүнүчүн колдошту. Ошондой эле анын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу чечими да кабыл алынды.
Айта кетсек, кечээ, 25-сентябрда Камчыбек Ташиев президенттик шайлоого катышуудан баш тартуу боюнча БШКнын атына арыз жазган. Ташиев президенттикке талапкер болуудан баш тартып талапкер Сооронбай Жээнбековду колдой турганын 20-сентябрь күнү Сузакта эл менен жолугушуусунда билдирген.
Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.