Кытайда жекшемби жана дүйшөмбү күндөрү иштебей калган WhatsApp мессенжери кайрадан иштей баштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, азыркы учурда колдонуучулардын баары текст жана аудио түрүндөгү билдирүүлөрдү эч кандай жолтоосуз колдонушууда. Адистердин божомолунда WhatsApp`тын аталган өлкөдө иштебей калышы 18-октябрда өтө турган Кытай Коммунисттик партиясынын съезди менен байланыштуу болушу мүмкүн.
Маалыматка ылайык, Кытайда 2009-жылы Фейсбукту, 2014-жылы Инстаграмды колдонууга тыюу салышкан. Себеби өлкөнүн өзүнө тиешелүү бир канча мессенжерлери бар. Алардын ичинен эң популярдуусу - WeChat. Бирок тургундар, көбүнчө Кытайдагы чет элдик ишканалардын кызматкерлери WhatsApp менен колдонууну ыңгайлуу деп эсептешет.