Англияда 42 жаштагы Сью Рэфорд өзүнүн 20-баласын жарык дүйнөгө алып келди

Британиядагы эң чоң үй-бүлөдө 20-наристе жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары кабарлады.

Батыш өлкөлөрүндө үй-бүлөдө мынча көп баланын төрөлүшү чоң жаңылык. Сью жана Ноэлдин үй-бүлөсү Британиядагы эң көп балалуу үй-бүлө болуп эсептелет. Арчи ысымы ыйгарылган ымыркай үй-бүлөдө 11-эркек уул болуп төрөлгөн. Буга чейин Сью жана Ноэлдин 10 эркек уулу жана 9 кызы бар болчу.

Наристе жарык дүйнөгө келген соң балдардын энеси 42 жаштагы Сью: "Менин оюмча, Арчи биздин акыркы балабыз, мындан кийин төрөбөйм. Бирок минтип ойлонгон учурда өзүмдү башкача сезип жатам", - деп билдирген эне.

Азыркы тапта эң улуу баласы 28 жашта, ал эми Арчиге чейинки кызы 1 жашта. Сью жана Ноэль көп балалуу ата-эне гана эмес таене, таята болгонго да жетишкен. Алардын улуу кызы Софинин азыркы тапта 3 баласы бар.

Алгачкы баласы Кристини Сью 14 жашында төрөгөн. "Биз башында 3 эле балалуу болууну каалачубуз, бирок убакыт өткөн сайын канча көп балалуу болсок, ошончо жакшы экенин ойлондук", - деп билдирген Ноэль.

Рэдфорддордун үй-бүлөсү улуу кызынан башкасы бардыгы бир үйдө жашашат. "Кичинекей мамлекет" эки жакка кичи автобус менен чыгышат. Бирок азыркы тапта ал кичи автобуска да батпай калышкан.

Өз убактысынан 2 жума эрте төрөлгөнүнө карабастан ымыркай Арчи азыркы тапта өзүн жакшы сезип жатканын жана башка балдары Арчини чыдамсыздык менен күтүп, аны караш үчүн кезекке туруп жатышкандыгын Сью сүйүнүү менен билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
KIPCHAK-KALMAK
2017-09-27 13:09:12
Баракелде кана эле биздикилер хотябы ен азы беш баладан торошсо
+15
tasnim
2017-09-27 21:05:08
KIPCHAK-KALMAK,Беш бала эмес алтоону да торосо таштап кетип атышбайбы ичин чыгып кетти фигуран бузулуп кетти деп
+1
kechirmeni
2017-09-27 13:10:46
Коп перзентуу болгон кандай жакшы анан да перзенттер ата энеге куйумдуу ыймандуу акыл эстуу болсо андан да жакшы
+16
JJAN
2017-09-27 13:11:51
Азамат үй-бүлө экен,ата энеге алкыш!
+14
zavi95
2017-09-27 13:12:25
Оо кудай менда кооп балалуу болгум келип турат.... .
+12
luuntik
2017-09-27 13:14:47
мына сагаа аялдын ден соолугу звер экен да, эмне дейт элек дагы кобойо беришсин
+12
kechirmeni
2017-09-27 13:15:24
Туугандар, кыргыздар биз да кобойолу, Ошто озбек туугандар укмуштай тездик менен кобойуп жатышат, роддомдого барсан бут эле озбек туугандардын келиндери. Мен улутчул эмесмин бирок элибиздин келечегин да ойлонушубуз керек
+26
Karban86
2017-09-27 13:43:54
kechirmeni, туура 200% кошулам, бирок коп бала багышка биздин айлыктар жетпейт.
+11
akonia
2017-09-28 01:41:51
kechirmeni,эн туура
+1
raykray
2017-09-27 13:55:17
Кадамжайдада род.домдо толо озбек келиндер торошот, ичи тардык эмес чындыгында келечекти ойлосон коркосун, ден соолуккка карабайбыз боюнда барын деле аяп сыйлаш жок! Мен коркконум Кыргыздар азайыпда, кодоюпда баратат, ушу 20ны торогондорда квартирадале жашап курсак тоюп кобойду, биз уй салабыз алабыз деп торобой, балдар кокурок сутко чала тоюп элекалып жатат
+11
Aruw89
2017-09-27 14:58:18
raykray,Райкрай дос
+2
Rasul94
2017-09-27 13:58:19
супер баатыр ата го
+5
modem4999
2017-09-27 15:02:34
Буларда жолокпул жакшы берилсе керек,биз азыр учтон ашык баланы бакканга кобубуздун возможностубуз жетпейт мамлекеттен эч кандай поддержка жок, анан ким торойт айткылачы?
+4
kechirmeni
2017-09-27 16:05:29
Илгери мындан да жокчулук замандарда ата бабаларыбыз коп перзенттуу болушуп багып келишкен, ал эми азыр Кудайга шугур дей турган заман,ким жалкоолонбой иштесе курсагы ток болот. Анан Кудай пендесин жаратса аны оз ырыскысы менен кошо жаратат. Ким коп перзенттуу болсо анын уйуно береке кирет жана ата энеси аркылуу алардын ырыскысын да кошо берип турат. Андыктан "ким багат, кантип багабыз" дегенибиз туура эмес экен. Келгиле Кудайдан тилейли жана биз да кооп перзенттуу бололу
+6
Rasul94
2017-09-27 17:33:35
жыл сайын торосо керек го
+4
aiba.8327
2017-09-27 17:52:40
Коп балалуу болуу кандай сонун...;))))


+2
Fatimnazz
2017-09-27 19:16:13
Эркек уул деген туура эмес го. Уул эле деп айтыш керек.
+2
Isco23
2017-09-27 19:52:26
Энесине рахмат
+3
aydarken
2017-09-28 14:10:37
Мен да 7 перзентимди кутуп атам буйурса Москвада торойм
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан