Бишкекте "Шанхай деми-2017" фестивалы өтөт

Бишкекте 28-30-сентябрь күндөрү "Шанхай деми-2017" аталышындагы фестиваль өтөт. Бул тууралуу фестивалдын уюштуруучулары кабарлашты.

Белгилүү болгондой, фестивалдын алкагында Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн салт-санаасы, маданияты жана үрп-адаты менен кенен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, кино, театр жана живопись тармагындагы жаңылыктар элге тартууланат.

Фестивалдын расмий ачылышы 28-сентябрда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт. Андан кийинки күнү "Манас" кинотеатрында тасмалар көрсөтүлөт. Ал эми кечинде Гапар Айтиев атындагы сүрөт музейинде кытайлык жана кыргыз сүрөтчүлөрүнүн эмгектеринин көргөзмөсү орун алат. 30-сентябрь, фестивалдын акыркы күнүндө Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында моноспектакль тартууланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан