ЖЫЛНААМА, 27-СЕНТЯБРЬ: Дүйнө жүзүндөгү эң узун кыз аталган Элисани Сильва 22 жашка толду

Дүйнө жүзүндөгү эң узун кыз аталган Элисани Сильва 1995-жылы 27-сентябрда Бразилиянын Салинополис шаарында төрөлгөн. Элисани эч кандай дарттан жабыр тартпайт. Окуучу кезинен тартып боюнун узундугу менен айырмаланып турган Элисани классташтарынын шылдыңдоосунан жана мектепке ташыган унаа ал үчүн ыңгайсыз болгондуктан окууну таштап койгон.

Элисани Сильва ата-энеси жана сиңдиси менен жашайт. "Үйдө ары-бери кыймылдаган мага тоскоолдук жаратат, дайыма бир жерди сүзүп же бутумду уруп алам", - деген Элисани интервьюларынын биринде.

Дүйнөдөгү эң узун атка конгон Элисанин сиңдилеринин бою кадимки нормадан ашык эмес.

Элисани дүйнөнүн атактуу модели болууну самайт. Ал Франсинальдо-да-Сильва аттуу мырзанын сунушун кабыл алып, турмушка чыгууга макул экендигин билдирген. Өзүнүн сүйүүсүн дүйнөдөгү эң узун кызга арнаган мырзанын айтымында, сүйүү эч нерсеге карабайт жана сүйүктүүсүнүн бою ага эч кандай тоскоолдуктарды жаратпайт: "Мен Сильванын жанында бактылуумун, башкалардын ою тууралуу ойлонбойм деле", - деп жооп берген Франсинальдо.

Элисани Сильванын бою 2 метр 6 сантиметр.

27-сентябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
ludimira
2017-09-27 17:56:15
Ничего себе.ото эле олдоксон корунот.
-6
Karban86
2017-09-27 17:57:56
Жинине тийсен олдум дей бер
+2
aiba.8327
2017-09-27 17:58:10
Даа теректей еле бой бериптир го...
0
luuntik
2017-09-27 17:59:56
жигити молодец экен
+5
muh00
2017-09-27 18:30:49
О Кокуй
-1
Dosaaly
2017-09-27 18:49:04
Бактылуу болушсун суйуунун козу кор деп ушуну айтса керек
0
Batma08
2017-09-27 21:17:03
Кантип эле тоскоолдук жаратпасын
0
sely
2017-09-27 22:53:36
Аябай сулуу кыз экен бактылуу болсун
+2
asemus
2017-09-28 00:59:08
Кудай сактасын, бирок бойдун мынчалык осуп кетишине мээнин бир болугундогу шишик себеп болушу мумкун.
0
nur72
2017-09-28 03:14:21
бою ото эле узун болсо да жаман корунот экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан