Эмомали Рахмон: "Суу-биздин байлыгыбыз, аны биз улуттук кызыкчылыгыбыз үчүн колдонууга акылуубуз”

Суу биздин байлыгыбыз, аны биз улуттук кызыкчылыгыбыз үчүн колдонууга акылуубуз”,- деди бүгүн, 27-майда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон. Айтымында, улуттук байлыктарды колдонуу мүмкүнчүлүгү БУУда дагы каралган. “Бизде (Кыргызстан менен Тажикстанда) газ, мунай сыяктуу кендердин ири запастары жок. Ошондуктан сууну максаттуу пайдалануубуз керек. Ошондой эле энергетика боюнча бизде жакында жаңы ГЭСтин ачылыш аземи болот. Муну биз Иран мамлекети менен биргеликте ишке ашырдык. Жакынкы жылдары дүйнөдөгү эң ири ГЭСтердин катарын толуктаган “Рогун” ГЭСин куруп бүтөбүз,- деди тажик президенти.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан