Жабык имараттагы Азия оюндарынан кайтып келген Кыргыз курама командасын мекендештер жылуу тосуп алышты

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-27-сентябрда болуп өткөн Жабык имараттагы V Азия оюндарына катышып келген өлкөбүздүн курама командасын мекендештер жылуу тосуп алышты.

Өлкө намысын коргоп, желегин желбиретип келген спортчуларга күйөрмандары, премьер-министр Сапар Исаков өз ыраазычылыктарын билдиришти.

Азия оюндарында күрөштүн алыш түрү боюнча алтын медаль жеңип алган Бекзат Тынчтыкбек уулу жеңиш оңойго турбаганын айтып төмөндөгүлөрдү билдирди: "Бул мелдешке көп убакыт даярдандык, атаандаштарымдын баары күчтүү экен. Аларды жеңүү оңойго турган жок. Алтын медаль алам деген ой менен кеткем, буюрса, максатыма жеттим".

Ошондой эле курама команданын капитаны грек-рим күрөшү боюнча алтын медалдын ээси Калы Сулайманов бул оюндарда өлкөнүн курама командасын жетектеп баруу ал үчүн сыймык болгонун жана анын жеңиши жалпы кыргыз элиники экенин баса белгилеп: "Мен үчүн Кыргыз өлкөсүнүн желегин курама команданын капитаны катары көтөрүп баруу чоң сыймык болду жана жоопкерчилик чоң экенин дагы сезип жаттым. Азыркы учурга чейин толкунданып жатам, дагы да болсо өлкөбүздүн намысын дүйнөлүк мелдештерде коргогонго даярбыз", - деп билдирди.

Ал эми Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт агенттигинин төрагасынын орун басары Кыргыз өлкөсүнүн курама командасы күтүлгөндөн да көп медаль жеңип, мыкты көрсөткүчкө ээ болгондугун белгилеп өттү.

Айта кетсек, аталган мелдешке 60тан ашуун өлкө катышты. Кыргыз өлкөсүнүн намысын 153 спортчу спорттун 17 түрүнөн коргошту. 11 күндүк мелдештин жыйынтыгында курама команданын капчыгында 70 медаль топтолгон. Алардын ичинен 13 алтын, 20 күмүш жана 37 коло. Жалпы эсеп боюнча Кыргыз өлкөсү 8-орунду ээлеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
aiba.8327
2017-09-28 16:26:08
Мыкты азаматсынар бали...
0
Boroborodach
2017-09-28 16:29:48
Азаматсынар. Силер менен сыймыктанабыз.
0
Agayu
2017-09-28 16:33:27
Азаматтар!!!! Талбай дагы да жэнишке жэтип журо бергиле !!
0
Karban86
2017-09-28 16:41:11
Жакшы азаматсынар! Сыйлыктарын бергиле жакшылап аябай
0
Derzki_kyrgyz
2017-09-28 17:23:32
Айрыйм дегендерго жалан, азаматсынар
0
KGstan1981
2017-09-28 18:42:43
Тосуп алдынар эми ошол женуучулордун духун которуш учн бирден иномарка белек бериниздер.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан