Италияда 40 жаштагы фитнес машыктыруучу, Лаура Меси аттуу аял өзүнө өзү турмушка чыгып, салтанаттуу үлпөт тоюн белгиледи. Чет элдик маалымат булактарында жазылгандай, Лаура Меси тоюн 70 кишини конокко чакырып, үлпөт көйнөгүн кийип, 3 кабаттуу торт жасатып, шаңдуу белгилеген.
Ал бул чечимин ата-энесине, досторуна берген убадасын аткаруу үчүн кабыл алган, ага чейин аларга 40 жашка чейин өзүнүн түгөйүн таппаса өзүмө өзүм турмушка чыгам деп сөз берген.
"Биз ар бирибиз биринчи кезекте өзүбүздү сүйүшүбүз керек. "Ханзаада жок болсо деле жашообузду жомоктогудай кызыктуу кылып алууга болот. Буга мен терең ишенем" деген ал. Кечеге келгендер Лаура Месинин бул кадамын "сологамия" - адамдын өзүн өзү сүйүүсү, өзүн кабыл алуусу деп аташкан.
2 жыл мурун 12 жыл мамиле түзгөн жигити менен коштошкондон кийин Лаурага ушундай идея келген. Ал Италияда өзүнө өзү турмушка чыккан алгачкы аял экендигин кошумчалаган.
"Мен жашоодо келечегимди чогуу көрө алган адамды таап калсам, албетте, бактылуу болом. Бирок бул менин бактым андан көз каранды дегенди түшүндүрбөйт", - дейт турмушка чыгып жаткан аял.
Анын социалдык тармактарга жүктөгөн сүрөттөрүнө куттуктоолор менен бирге "Абдан аянычтуу", "Сенин мээң жайында эмес", "Акылдан азыптырсың" деген сыяктуу билдирүүлөр да калтырылган. Ага Лаура "Менин күлкүмдү, жылмаюумду эч ким, эч нерсе тыя албайт", - деп жооп кайтарган.
Үлпөт тойго келген журналисттердин бирине интервью берип жатып Лаура Меси: "Ар бир аял эле өзүнө өзү турмушка чыга албайт. Бул үчүн сиз тойго керектүү каражатты табышыңыз, жакындарыңызды көндүрүшүңүз керек. Эң негизгиси бир аз "акылсыз" болушуңуз зарыл", - деген.