Ысык-Ата районунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Ушул жылдын 17-сентябрь күнү Кант шаарындагы кароосуз калган имараттардын биринен белгисиз аялдын жансыз денеси табылганы тууралуу Ысык-Ата РИИБинин кызматкерлерине маалымат келип түшкөн.
"Маркумдун жансыз денеси өрттөлгөн абалда табылган. Ал факт боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Кийин милиция кызматкерлери тарабынан аялдын аты-жөнү такталып, ал 1978-жылы туулган К.В. экени аныкталган. Ал эми кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган Б.И. (эркек адам) кармалды", - деп билдиришти Чүй ОИИББинен.
Кылмышка шектүүнүн айтымында, маркум менен бирге спирт ичимдигин ичип отурушуп уруша кетишкен. Андан соң аны сабап, муунтуп өлтүргөн. Кылмыш ишин жашыруу үчүн өрттөөнү чечкен.
Учурда шектүү №1-СИЗОго киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.