Москвада жансыз денеси медициналык борбордун алдынан табылган Кыргыз жаранынын өлүмүнө шектелген адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, 26-сентябрь күнү Москва шаарындагы Самора Машел көчөсүндөгү №1-үйдө жайгашкан медициналык борбордун алдынан белгисиз адамдын жансыз денеси табылган. Кийин анын 33 жаштагы Кыргыз жараны экени аныкталган.
"Шектүү катары 35 жаштагы Өзбекстандын жараны кармалды. Ал маркум менен жалпы чогулткан акчасын бөлүшө албай урушуп, өлтүрүп салган. Учурда шектүү камакка алынып, кылмыш иши козголду", - деп айтылат маалыматта.