Кыштын чилдесинде дайыма терезелерди ачып жашаган, жалаң жашылча, ашкөктөр менен тамактанган белгилүү орус сүрөтчүсү Илья Репин мындан 87 жыл мурун дүйнөдөн кайткан.
Өзүнүн өзгөчө стили менен айырмаланган, ар бир сүрөтүн кандайдыр бир мистикалык окуялар коштоп жүргөн Репин 1844-жылы 24-июлда туулган. Ал сүрөт өнөрү менен 13 жашынан баштап алектене баштаган. 1863-жылы Санкт-Петербургдагы көркөм сүрөт академиясына тапшырган. Окуп жүргөн кезинде эле өзүнүн талантын көргөзүп, көптөгөн сынактардын жеңүүчүсү аталган.
Сүрөтчүнүн өмүрү көптөгөн кызыктуу окуялар менен коштолгон.
Сүрөттүн "өмүрүнө" болгон кол салуу
1913-жылдын январь айында Репиндин "Иван Грозный жана баласы Иван" аттуу картинасын Абрам Балашов аттуу сүрөтчү жарактан чыгарганга аракет кылган. "Бул жакта өтө көп кан төгүлгөн, өтө көп" деген сөздү айтып, картинаны бычак менен кескилеп салган. Сүрөт жарактан чыккан, бирок Репин өзүнүн окуучусу Игорь Грабарь менен биргеликте сүрөттү кайрадан калыбына келтиришкен.
Бай, бирок сараң
Бардар жашоодо жашаганы менен сүрөтчү такыр ашыкча акча короткон эмес. Таң эрте троллейбустар арзан болорун билген соң кайсы бир жакка барарда дайыма таң заардан жөнөгөн.
Иван Буниндин качышы
Репин белгилүү жазуучу Иван Буниндин портретин тартуу үчүн өз үйүнө чакырган. Бул окуя тууралуу жазуучу: "Кыштын чилдесинде мен Репиндин үйүнө бардым, сүрөтчү мени өзү тосуп алды. Эшикте ызгаардуу кыш болуп жатканына карабастан терезелери ачык, бөлмөлөрдүн ичи суук экен, мындан сырткары ал жалаң гана ашкөк, жашылча менен тамактанат экен. Ошого байланыштуу мен болбогон бир шылтоону айтып, кеткенче шашкам", - деп эскерген жазуучу.
Көчө шыпыргычтын образында
Белгилүү сүрөтчү өзүнүн негизги өнөрүнөн сырткары театрда да ойногон. Ал "Чабалекей туура айтат" спектаклинде көчө шыпыргычтын образын жараткан. Бардык сынчылардын купулуна толгон спектакль популярдуулукка жетип, ар бир театрда жылуу кабыл алышкан.
Мистика
"Иван Грозный жана баласы Иван" аттуу сүрөтүн тартып бүткөн соң сүрөтчүнүн оң колу белгисиз себептерден улам иштебей калган. Колу кандай ооруга чалдыкканын бир дагы дарыгер аныктай алган эмес. Бул убакта эл арасында болбогон окуяны чагылдырганы үчүн аны каргыш урду деген ушак-кептер тараган. Репин аябай кайгырып, бирок убакыт өткөндөн кийин сол колу менен сүрөт тартканды үйрөнүп кеткен. Сүрөтчүнүн жүрөгү ооруп 1930-жылы 29-сентябрда каза болгон. Анын акыркы керээзи боюнча көрүстөнүндө жөнөкөй жыгачтан жасалган крест орнотулган.
29-сентябрга карата жылнаама.