Кара-Көл шаарында таштанды ташталган жерден 75 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды

Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарында таштанды таштоочу жайдан 75 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы бүгүн, 29-сентябрда билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 28-сентябрда саат 14:00дөр чамасында таштанды таштоочу жайдан эркек адамдын денеси табылган. ӨКМнын куткаруучулары денени алып чыгышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал 1942-жылы туулган М.Б. аттуу жаран экендиги белгилүү болгон.

Каза болгон адамдын жакындары окуя тууралуу милицияга арыз жазуудан баш тарткан. Ошондой эле денени экспертизадан өткөрүүгө да макул эмес экендигине байланыштуу окуянын чоо-жайы иликтенбей тургандыгын кошумчалады маалымат катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
medet1983
2017-09-29 12:28:37
Неге арыз жазбаса эле карабай койосунарбы мумкун киши колдуу болуп олгондур текшериш керек
0
Altysha89
2017-09-29 12:48:09
Тооба ушул кантип болсун. Жан куйөөрун болбосо жашаштын кереги жоктой тооба.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан