Бишкекте "шаар тургунун уурдап, ири суммадагы акча талап кылган" деп шектелген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кармалган кылмыштуу топ сентябрь айынын башында шаар тургунун Хонда үлгүсүндөгү унаага күчтөп салышып, Ала-Арча капчыгайы жакка алып барышкан. Ал жактан катуу сабап, туугандарынан ири суммадагы акча талап кылышкан. Туугандары шаардагы батирин жарым баасына сатышып, 20 миң доллар беришкен соң аны коё беришкен.
"Аталган кылмыштуу топтун кылыгы аны менен эле токтоп калбай, бир канча күндөн кийин жогорудагы жабырлануучудан батирди саткандан кийинки калган акчаны талап кылышкан. Мындан улам ал укук коргоо органдарына кайрылууга аргасыз болгон. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам изилдөө иштери жүргөн. Анын негизинде 21-сентябрь күнү 500 доллар алып жаткан жеринен кылмыштуу топтун мүчөсү 1976-жылы туулган Д.А. кармалган. Андан соң кылмыштуу топтун лидери 1977-жылы туулган Б.Н., кылмыштуу топтун мүчөлөрү 1985-жылы туулган А.Э., 1984-жылы туулган Ж.Т. кармалды. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө", - деп билдиришти ИИМден.