
Төкмө акын
Барпы Алыкулов Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Ачы кыштагында 1884-жылы кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. Акындын атасы өтө кедей болгондуктан Барпыны жаштайынан эле ар кимге жалчылыкка берүүгө аргасыз болгон.
Барпы Октябрь революциясына чейин Калмат, Мадал ажы, Назарбай деген байлардын малын багып, ар кандай жумуштарын аткарган.
Акындын чыгармачылык ишинин башталышы өткөн XIX кылымдын акырына, тактап айтканда, 1900-жылга туура келет. Анын өмүрүнүн теңи жакырчылыкта, жалчы жүрүү менен өткөндүктөн дайыма эл тарабында болуп, өзүнүн курч ырлары аркылуу эзүүчү таптын өкүлдөрүнүн кылмыштарын ашкерелеп, аларды сынга алган. Ушундай ырлары үчүн эзүүчү таптан далай кордук көргөн.
Барпынын 1915-жылы кыргыз элинин улуу акыны Токтогул менен болгон жолугушуусу анын өмүрүндө зор окуя болуп эсептелген. Токтогулдун таасирдүү ырларын угуп, анын үлгүсүнөн үйрөнүп, бир топ таалим алган. Кийин ал “Токтогул жөнүндө ыр” деген 4 бөлүмдөн турган көлөмдүү поэма жазат. Бул чыгармасынын биринчи бөлүмүндө акын эл ырчыларынын өткөн заманда бай-манап, бий-болуштардын эл арасынан чыккан таланттуу адамдарды кордукта кармаганын баяндаган.
Акындын алгачкы ырлары көбүнчө өз башынан өткөн азаптарга, жан-жаныбарларга, сүйүүгө байланыштуу болсо, ал эми канаттуулар, айбандар жөнүндөгү “Бул куштардын санаты”, “Жырткычтар”, “Залим хандар азабы” сыяктуу айрым ырлардын башталышы атасынын тийгизген таасиринен жаралган. Өзгөчө анын “Жыйындагы биринчи ыр”, “Кара башыл эчки”, “Пада баккандагы ыр”, “Назарбай менен болгон айтыштары”, “Жетим кыз”, “Теңдик бир күн жарк этер”, “Жетим” деген ырлары өмүр жолундагы оор күндөрдүн элесин берсе, жаратылышты сүрөттөгөн адамдардын мүнөзүн баяндаган “Аккан суу”, “Күн”, “Шамал”, “Ажал” деген ырларында жаратылыштагы түркүн кубулуштарды, көрүнүштөрдү философиялык мааниде чагылдырган. Ал эми “Санат”, “Терме”, “Марттык”, “Баатырдык”, “Ынтымак”, “Болор жигит”, “Болбос жигит” деген санат менен насыят ырларында адамдарын жүрүш-турушу, кыял-жоругу, жаман-жакшы сапаттары баяндалган. Өз элинин өткөн доорун жакшы билгендиктен анын “Хандардын каары” деген тарыхый ырында, Кокон феодалдары хандык күтүп турган убактыларында бүткүл кыргыз элине алардын өтө мыкаачылык, наадандык менен өкүмзордук жүргүзгөндүгүн элестетет.
1930-жылдын аяк ченинен баштап Барпынын көз оорусу күчөп, өзүнчө эл аралап жүрүүгө мүмкүнчүлүк болбой калат. Бирок көкүрөгү тунук акын улам жаңы ырларды чыгара берет. Бала кездеги ырлары негизинен эки заманды салыштырууга арналса, согуш жылдары “Эр Жолон”, “Төрайым менен Шекербек” деген поэмаларды жараткан. Согуштан кийин “Ак Саткын менен Кулмырза”, “Жалайыр жалгыз” деген элдик поэмаларды кайра иштеп чыгат.
Акын лирикалык ырларды жаратуу үчүн чыгармачылык булак катары оозеки элдик ырларга кайрылган, ошол себептүү “Бурак жан”, “Мөлмөлүм”, “Мырзайым”, “Арзыкан”, “Ак жылдыз”, “Лөлүкан”, “Дилбарым”, “Гөзөл кыз”, “Өзгөчөм” деген ырлары тематика, стиль жагынан элдик ашыктык ырларга үндөшүп турат.
Барпы Алыкулов 1949-жылы 9-ноябрда 65 жаш курагында көзү өткөн.