Миллиарддаган байлыкты топтоп, бирок орто билимди да толук албаган белгилүү адамдар

Жогорку билими жок, бирок дүйнөнү дүңгүрөтүп ийгилик жараткан адамдардын саны арбын. Алардын катарында Марк Цукерберг, Билл Гейтс, Стив Жобс да бар. Дүйнө жүзүнө белгилүү болгон бул адамдар жогорку окуу жайларын ар кандай себептер менен бүтпөй калган. Өзүнүн миллиарддаган байлыктары менен дүйнөгө аты чыккан айрым ишкерлердин орто мектепти да аяктабаганын көпчүлүк биле бербесе керек.

Орто мектепти аяктабай, бирок дүйнө жүзүн багындырган белгилүү миллиардерлер:

1. Амансио Ортега "Inditex" компаниясынын негиздөөчүсү. Дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесинде 2-орунда турат. Байлыгы 57 миллиард доллар деп айтылып келет.

Белгилүү испаниялык бизнесмен Амансио Ортега кедей үй-бүлөдө төрөлгөн. Анын апасы ар кимдин үйүн жыйнап иштесе, атасы кара жумушчу болуп темир жолдо эмгектенген. Бала кезинен жокчулуктун даамын татып, эңсегенине жетпей чоңойгон. Дүйнөгө атагы чыккан "Zara", "Mussimo Dutti", "Oysho" бренддеринин атасы аталган Амансио мектепти 13 жашында таштоого мажбур болгон. Мектеп босогосун аттабай калган болочоктогу миллиардер, тигүү цехине жүк ташуучу болуп иштеп калган. Убакыт өткөн сайын тигүү иштерине аралашып, текстиль дүйнөсүнө кызыгуусу артып, чакан тигүү цехин ачкан. Андан соң 1975-жылы ал жубайы менен биргеликте эң алгач "Zara" дүкөнүн иштетип баштаган. Азыркы учурда жогоруда аты аталган бренддер дүйнөгө таанымал болуп, дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө сатылат.

2. Ли Кашин "Cheung Kong Group" компаниясынын негиздөөчүсү. Дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесинде 8-орунда турат. Байлыгы 31 миллиард доллар.

Ли Кашин 1928-жылы 13-июнда төрөлгөн. "Супермен" атка конгон Азиянын эң беделдүү ишкерлеринин бири карапайым мугалимдин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. 10 жашында кургак учук оорусунан айыккан Ли атасынан эрте ажырап, өзүнүн жанын өзү багууга аргасыз болуп мектептен чыгып кеткен. Алгач ал саат сатып иштей баштайт, көп өтпөй желим гүлдөрдү чыгаруучу ишканага жумушка орношкон. Ал ден соолукка зыян экенине карабай 7 жыл бою күнүнө 16 сааттан эмгектенип, азыраак акча топтойт. Өзүнө акча топтогон соң ишканадан кетип гүлдөрдү сатып иш баштаган. Ал эми 1950-жылы 8 миң 700 доллар капиталы менен желим буюмдарды чыгарган Cheung Kong ишканасын ачкан. Ли Кашин учурда дүйнөгө белгилүү "Cheung Kong Group" империянын башчысы.

3. Франсуа Пино "PPR" ( Pinault-Printemps-Redoute) компаниясынын негиздөөчүсү. Дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесинде 50-орунда турат. Байлыгы 15 миллиард доллар.

Франсуа Пино кембагалдардын үй-бүлөсүнөн болгондуктан эс тартып калган маалда курдаштары, классташтары дайыма кемсинтип мектептен кетүүгө аргасыз кылган. Белгилүү француз миллиардери Франсуа Пиано 1936-жылы 21-августта төрөлгөн. Эки, үч жылдай ар кандай жумуштарда иштеп жүргөн Пино, 3 жылга Алжирге акча табуу үчүн барган. Ал жактан акча таап келип, 27 жашында өзүнүн алгачкы "Рinault Group" ишканасын ачкан. Бул ишкана жыгачты кайра иштетүүчү компания болчу. Дүйнөдөгү белгилүү байлардын катарын толуктаган Франсуа Пинонун айтымында, "бир дагы мектеп акча табууга үйрөтпөйт, бул сабакты жашоодон ар ким өз алдынча өздөштүрөт".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
turaliev
2017-09-30 16:39:37
Булардын катарына мени да кошуп койгула...
-4
Tansuluu09
2017-09-30 16:42:44
Когда голова работает диплом не нужен...
+15
Karban86
2017-09-30 17:50:51
Бизде да барбы миллиардер
-4
Isco23
2017-09-30 18:08:47
Бизде АША бар,мультимиллионермин деп мактанган,президент кантип суйлосун ошентип
-3
surgeon777
2017-10-01 16:55:13
Isco23,бул жакта Атамбаев жонундо соз болуп жаткан жок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан