Сооронбай Жээнбеков: "Иш орундары болот!"

Кыргызстанда калктын үчтөн экиси айылдарда жашайт, ошондуктан жумушсуздук көйгөйү аларды акча таап, жан багуунун айласын издөөгө аргасыз кылып, ички жана тышкы миграциянын өсүшүнө себепкер болууда. Жагдайды Сооронбай Жээнбеков жакшы түшүнгөндүктѳн райондор менен айылдардагы шарттарга жараша калкты иш менен камсыздоону өзүнүн башкы милдети катары эсептейт.

Бул оңой эмес. Ошондуктан мамлекеттин башчысы кызматындагы биринчи кадамы өнөр жай ишканаларын жандандыруу, бизнеске колдоо көрсөтүү жана ички инвестицияларды стимулдаштыруу, келечектүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү тармактарды өнүктүрүү аркылуу жумуш менен камсыздоо программасын иштеп чыгуудан башталат.

Чоң саясатчы жана такшалган жетекчи катары Сооронбай Жээнбеков бул ойдо жок сандардын тизмегинен куралган куру убадаларга жык толгон пайдасы жок кезектеги кооз программалардын бири болуп калбашы керектигин түшүнөт. Ошондуктан өлкөнүн кызыкчылыгына иштей турган программа түзүү үчүн ал ар бир аймактын, айыл менен шаардын өзгөчөлүктөрүнө жараша аларга экономиканын артыкчылыктуу тармактарын тандап, жумушчу орундар менен камсыздоо боюнча аракеттердин конкреттүү пландарын иштеп чыгууну сунуш кылууда.

Өлкөбүз үчүн өтө курч турган көйгөйлөрдүн бирин чечүүнүн мына ушундай стратегиялык ыкмасы президенттикке талапкердин жагдайды канчалык жакшы түшүнөрүн далилдеп турат. С.Жээнбеков жер-жерлердеги абалды, өлкө жарандарынын, айрыкча кыргызстандык калктын үчтөн экисин түзгөн элеттиктердин эртеңки күнгө болгон үмүтүн жандыруу, алардын шаарларга жана чет өлкөлөргө агымын токтотуш үчүн эмне кылышты жакшы билет.

Түзүлгөн жагдайды жакшы билип жана андан чыгуунун жолдорун премьер кезинде эле аныктаган президенттикке талапкер аларды шайлоо алдындагы программаларына да киргизген.

С.Жээнбековдун өкмөтү өлкөнү өнүктүрүүнүн маанилүү түйүндөрүн таап, өзгөчө көңүл бурууну талап кылган аймактарды аныктоо үчүн көп аракеттерди жасады. Алардын катарына калкты, айрыкча ири өнөр жай ишканалар жок, бирок айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү мүмкүнчүлүктөрү кеңири айылдарда жумуш менен камсыздоо маселесин кошууга болот. Мында аймактардын ар биринде аларга ылайыктуу экономикалык пайдалуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү өзгөчө артыкчылыктуу багыттарды өнүктүрүү сунушталат.

Кыргызстан – бул ар бир аймагы өзүнчө өзгөчөлүктүү, өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү кеңири агрардык өлкө. Маселен, Баткен облусу өзүнүн абрикосу жана өрүгү, Нарын облусу жүн, эт жана сүтү, Талас төө буурчагы, Чүй облусу кант кызылчасы менен даңазалуу. Тагыраак айтканда, биздин аймактардын ар биринин кайталангыс өзгөчөлүктөрү бар, ошондуктан С.Жээнбековдун пикиринде, атаандаштыкка жөндөмдүү жана арзан продукция өндүрүүнү жолго коюуда жер-жерлерде өндүрүүчүлөргө ар тараптуу колдоолорду көрсөтүү, ал тургай продукциялардын сатылышын камсыздап берүү зарыл.

Келечекке кеңири көз чаптырган президенттикке талапкер кайра иштетүү тармагындагы өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүү программасынын эсебинен көтөрүүгө болот деген көз карашта. Беш жылга эсептелген тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү программасы ушул жылдын жайында Жээнбековдун өкмөтү тарабынан кабыл алынган. Учурда кайра иштетүү чөйрөсү өзүнө 326 аракеттеги юридикалык уюмдарды, 5900дөн ашык жеке ишкерлерди бириктирген 18ден ашык тармакты камтыйт. Келечекте иштеп жатканын өркүндөтүп, жашылча жемиштерди, эт жана сүттү кайра иштетүүчү, кант, нан-токоч азыктарын өндүрүүчү жаңы ишканаларды ачуу менен аларда иштегендердин санын арбытуу пландалууда. Өндүрүштү өркүндөтүү, жаңы технологияларды өздөштүрүү тармактардын өнүгүүсүн эле камсыздабастан, ички рынокту сапаттуу азыктарга толтурууга жана экспортту кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.

Ар бир эле тармакты көтөрүүгө, эгер сөз айылдарда өндүрүш уюштуруу тууралуу болуп жатса, бош каражаттар талап кылынары түшүнүктүү. Ошондуктан мурда С.Жээнбеков жетектеген өкмөт “Айыл чарбасын каржылоо” мамлекеттик колдоо долбоорунун алкагында ишкерлик үчүн кредиттердин пайыздык ченемдерин төмөндөтүү зарыл деген чечим кабыл алган.

Биринчи кезекте көңүл кайра иштетүү чөйрөсүнө бурулду. Азыр бул тармакка тиешелүү долбоорлор үчүн жылдык 6%дык үстөк менен кредит алууга болот. Мал чарбачылыгы жана дыйканчылык менен алектенгендерге да жеңилдетилген ченемдер менен кредиттер бериле баштады. Жалпысынан жыл башынан бери “Айыл чарбасын каржылоо” долбоору боюнча 3 миллиард сомдон ашык суммадагы 9 миңден көбүрөөк кредиттер берилди. Бул айтылгандар колдоо чаралары кайтарым берип жаткандыгын жана айылдык ишкерлер өз өнүгүүсү үчүн мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрүнө таяна баштагандыгын далилдеп турат.

Кепилдик фондун түзүү колдоо чараларынын дагы бири болуп калды. Бул фонд өз бизнесин өнүктүрүүнү каалаган, бирок кредит алууга күрөөсү жок жарандарга жардам көрсөтөт. Ошондой ишкерлерге, өзгөчө аймактарда эмгектенген жана келечектүү долбоорлору бар, бирок жетиштүү күрөөсү жок жарандарга жардам берүү максатында С.Жээнбековдун өкмөтү аталган фондду түзгөн.

Фонд кредиттик каражаттарды алууга кепилдик берет. Капиталы 282 миллион сомду түзгөн жана жыл этегине чейин миллиард сомго жеткирүү болжолдонуп жаткан уюм тарабынан ишкерлерге жалпы суммасы 120 миллион сомдон ашкан 100дөн ашык кепилдик берилди.

Сооронбай Жээнбеков ырааты менен иргеп өнүктүрүүнүн келечегине көбүрөөк ишенич артат. Маселен, келечекте айыл чарбасындагы долбоорлорду каржылоо боюнча мамлекеттин колдоосун 15 миллиард долларга жеткирүү болжолдонууда. Сооронбай Жээнбеков бул максат мамлекеттин колунан келерине ишенет, ошондуктан мындан ары каражаттар оңду-солду чачылбай, келечектүү багыттарга максаттуу жумшалат.

Айрым аймактарда пайдалуу кендер кеңири, айрымдарында туристтик мүмкүнчүлүктөр жогору, ал эми ажайып табиятын жана маданиятынын өзгөчөлүгүн сактап калган Кыргызстандын уникалдуулугу жергиликтүү жашоочуларды жумушсуз калтырбайт.

С.Жээнбеков ар бир райондун өзгөчөлүктөрүнө басым жасаган мына ушундай ыкмалар аймактар менен калктын жашоо деңгээлин жогорулатып, ишканалар менен өндүрүштү өнүктүрөрүнө ишенет. Ошондой эле калкты жумушчу орундар менен камсыздоо маселесин чечип, ички миграциянын деңгээлин төмөндөтөт.

Президенттикке талапкер эмне айтып жаткандыгын өзү билет. Ал ар бир сөзүн желге ыргытып көнгөн эмес. С.Жээнбековдун президенттик программасынын ар бир пункту өз ара байланышкан жана конкреттүү аракеттер менен бекемделген, ошондуктан аймактарды өнүктүрүүсүз, өнөр жайды кайра жаратуусуз жана экспортту өнүктүрүүсүз жумуш менен камсыздоо маселесин чечүү мүмкүн эмес.

Президенттикке талапкер бири-биринен ажыратпай бардык маселелерге комплекстүү мамиле жасоого көнгөн, анткени алар бири-бирин сөзсүз өргө сүйрөйт.

Даярдоочу: ЖЧК «SUPER.KG» (СУПЕР. КЕЙ ДЖИ), Бишкек ш., Күрөңкеев к., 180.
Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер С.Ш.Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
Нускасы 1 даана. Чыгарылган датасы: 01.10.2017-ж.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан