Бүгүн, 1-октябрда япониялык белгилүү сүрөтчү жана интернеттеги социалдык тармактын популярдуу колдонуучусу 87 жаштагы Яёи Кусамага арналган музей ачылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, 2014-жылдан тарта курула баштаган музей Кусаманын эмгектерин колдоого алган фонд тарабынан ачылып, анын 1 кабатына толугу менен сүрөтчүнүн эмгектери коюлары айтылган. Көргөзмө ушул жылдын 1-октябрынан тарта 25-февралга чейин созулуп, мындай иш-чаралар жылына 2 жолу уюштурулуп турат.
Яёи Кусама - ачык түстөргө басым жасаган жана ар бир эмгегине айлана формасын кошууну жактырган өзгөчө сүрөтчү. Ал галлюцинация (көзгө ар нерселердин көрүнүшү) менен жабыркагандыктан, талмасы кармаганда көзүнө айлана формасынын элестери көрүнө берчү. Мындан улам аталган форманы ар бир эмгегине пайдаланып, аны "фишкага" айлантууну туура көргөн.
Анын ар бир сүрөт көргөзмөсү болуп көрбөгөндөй кызыгууну жаратып, күнүнө 3000ден ашуун билеттер сатылса, көргөзмөнүн аягына чейин миллиондон ашык адам келет. Кызыгы, 2008-жылы сүрөттөрүнүн бири 5,1 миллион долларга сатылып, анын баасы белгилүү сүрөтчүлөрдүн эмгектеринин ичинен эң жогорку рекордду багынткан баа деп саналган.
Кусама азыркы учурда жогоруда аталган музейдин жанында жайгашкан психиатриалык ооруканалардын биринде өмүр кечирип, кооз картиналарды тартууну улантып келет.