Дизайнер жана 3d модельер Катерина Кампрани Грецияда жашайт. Ал элге өтө ыңгайсыз жана кыжырга тийген буюмдардын моделдерин сунуштаганы менен таанымал. Дизайнер жасаган буюмдардын көрүнүшү абдан стилдүү, бирок пайдасы тыйынчалык да болбойт.
Кампранинин "The Uncomfortable" ("Ыңгайсыз") аталышындагы коллекциясына кирген буюмдар башка дизайнерлер башын ооруткан маселелерге каршы, теңирден тетири жасалган. Тактап айтканда, дизайнерлер стилдүү, ошол эле учурда абдан пайдалуу жана ыңгайлуу делген буюмдарды жасап, колдонуучуларга сунуштоонун жолун ойлошот эмеспи. А Катеринанын жолу такыр башка. Ал баналдуулуктан тажагандар үчүн ыңгайсыздык жаратып, кыжырга тийген буюмдарын сунуштоодон ырахаттанат.