13-майдан 26-майга чейин УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын коомдук кабылдамасына 196 адам кайрылган. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирет. Мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын иши боюнча нааразы болгон 14 арыздануу түшкөн. Ал эми укук коргоо кызматкерлери боюнча 39, Саламаттыкты сактоо, Билим берүү жана илим министрликтерине байланыштуу 31, энергетика тармагы боюнча 6, сотторго байланыштуу 14, мамлекеттик каттоо органдарына 7, социалдык фондго байланыштуу 5, насыя берүүчү мекемелерге 5, Мамлекеттик салык жана бажы кызматына байланыштуу 3, транспорт ишканаларына байланыштуу 2, башка министрликтерге жана мекемелерге 12 жана башка маселелер боюнча 54 арыз түшкөн. Аталган кызмат тарабынан чара көрүү үчүн министрликтерге жана мекемелерге 63 арыз жолдонду. Ал эми калган арыздар боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.