Лас-Вегаста белгисиз адам жарандарга ок чыгарып кеминде 20дай адам каза болду

Лас-Вегастагы Mandalay Bay аталышындагы оюн-зоок комплексинин алдында белгисиз адам жарандарга ок чыгарды. Жыйынтыгында 20га жакын киши каза болуп, 100дөй адам түрдүү жаракаттарды алгандыгын жергиликтүү маалымат булактары жазды.

Күбөлөрдүн айтымында, жабыркаган адамдардын көпчүлүгү мейманкананын маңдайында ойнолуп жаткан кантри-музыканы укканы келгендер. Ал эми белгисиз адам аларга каршы турган мейманкананын балконунан ок чыгарган.

"Ал 32-кабаттан туруп аткан. Жалпы жонунан жүзгө жакын ок атылган. Жаракат алгандарды ооруканага алып кетишти. Такталбаган маалыматтар боюнча, ок чыгарган адам Самюэль Хайд аттуу киши болушу ыктымал. Ал ошол жерден эле полиция тарабынан атып өлтүрүлгөн. Анын жанындагы Марилу Дэнли аттуу азиат улутундагы адам изделүүдө", - деп жазылат маалыматтарда.

Ок атылган аймактан адамдарды коопсуз жайга убактылуу көчүрүү иштери жүрдү. Окуя болгон жерге жакын аймакта эл аралык "Мак-Карран" аэропорту жайгашкан. Аба майданынын кызматынан пайдалануучу жүргүнчүлөрдү коопсуз аймактарга жөнөтүп, каттамдар убактылуу токтотулду. Мындай кадам полиция кызматына да көмөкчү болуп, изделип жаткан шектүүнүн башка өлкөгө чыгып кетүү аракетине бөгөт коймокчу.

Лас-Вегаста белгисиз адам жарандарга ок атты
Лас-Вегаста элге ок атылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
kechirmeni
2017-10-02 15:29:41
же жинди же террорист да
+2
monkey92
2017-10-02 15:58:55
Башка маалыматтарда 20 дан көп киши өлүп 100 дөй киши оор жана жеңил жаракат алган деп окудум. super.kg бир тактап көрсөңүздөр.
0
admin_superstan
2017-10-02 16:07:34
monkey92, саламатсызбы! Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
0
Medinaa
2017-10-02 16:38:42
Таштанды мынча көөп?Америка десе эле "жалтыраган"элестетип жаман үйрөнүппүз.Эми муну да мусулмандардан көрбөсө болду(
0
AKCAHAT
2017-10-02 17:04:30
Medinaa, концерт учурунда ушундай болот, концерттен кийин 1 саттан кийин бокалашканын капкагын да таппай каласын.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан