Гарвард жана Массачусетс технологиялык университетинин окумуштуулары "акылдуу" татуировка жасоо ыкмасын ойлоп табышты. Бул тууралуу америкалык Harvard Gazette басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка караганда, мындай татуировканы жасап жатканда өзгөчө сыялар колдонулуп, алар адамдын организминин абалына жараша өңүн өзгөртүп турат. Окумуштуулардын айтымында, акылдуу татуировкалар жакында фитнес-билериктердин жана смарт-сааттардын функцияларын аткарып, алардын ордун алмаштырышы мүмкүн. Ошондой эле кант диабетинен жабыркагандарга алардагы канттын деңгээлинин жогорулап же төмөндөп кеткендиги жөнүндө маалымат берип турат.
Адамдын ден соолугундагы маселе тууралуу кабарлап турган смарт-татуировканы өмүрүнүн аягына чейин же белгилүү бир убакыт үчүн жасаттырса болот.